Workplace Купуялык саясаты


Workplace from Meta – бул колдонуучуларга жумушта кызматташууга жана маалымат менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берген Meta тарабынан түзүлгөн онлайн платформа. Workplace платформасына Workplace'тин сайттары, колдонмолору жана байланышкан онлайн кызматтар кирет, жалпысынан "Кызмат".
Ушул Купуялык саясатында сиз Кызматты колдонгондо маалыматыңыз кантип чогултулуп, колдонулуп жана бөлүшүлөрү сүрөттөлгөн.
Кызмат уюмдар тарабынан жана алардын көрсөтмөлөрүнө ылайык колдонууга арналган жана сизге жумуш берүүчүңүз же сизге Кызматка кирүү мүмкүнчүлүгүн жана аны колдонуу укугун берген башка уюм тарабынан сунушталат (сиздин "Уюм").
Кызмат сиз колдонгон башка Meta кызматтарына тиешеси жок. Ал башка Meta кызматтары сизге Meta тарабынан сунушталат жана анын жеке шарттары менен көзөмөлдөнөт. Бирок, бул Кызмат сиздин Уюмуңуз тарабынан сунушталат жана ушул Купуялык саясаты, Workplace'ти алгылыктуу пайдалануу саясаты жана Workplace 'тин Cookie файлдары жөнүндө саясаты тарабынан көзөмөлдөнөт.
Уюмуңуз сиздин Workplace аккаунтуңузга ("Сиздин аккаунт") жоопкерчилик алат жана аны башкарат. Уюмуңуз ошондой эле сиз Кызмат аркылуу тапшырган же берген дайындардын чогултулушуна жана колдонулушуна жоопкерчилик алат жана андай колдонуу Уюмуңуз менен Meta'нын ортосундагы келишимдин шарттары менен көзөмөлдөнөт.
Ушул Купуялык саясатынан тышкары, Уюмуңуз сиздин Кызматты пайдаланууга карата колдонула турган кошумча эрежелерди же жүрүм-турум кодекстерин колдонушу мүмкүн.
Эгерде Кызматты колдонуу боюнча суроолоруңуз болсо, Уюмуңуз менен байланышыңыз.

I. Кандай маалымат чогултулат?
Сиз, кесиптештериңиз же башка колдонуучулар Кызматка киргенде Уюмуңуз төмөнкүдөй маалыматтарды чогултат:
  • байланыш маалыматыңыз, мисалы, аты-жөнүңүз жана электрондук почта дарегиңиз;
  • колдонуучу катары көрсөткөн атыңыз жана сырсөзүңүз;
  • ээлеген кызматыңыз, бөлүм тууралуу маалымат жана жумушуңузга же Уюмга тиешелүү башка маалымат;
  • Кызматты колдонгондо, анын ичинде аккаунтка катталганда, контент түзүп же бөлүшкөндө жана башкаларга билдирүү жөнөтүп же баарлашканда берген контент, билдирүүлөр жана башка маалымат. Бул сиз берген контенттеги же ал тууралуу маалыматты (мета дайындар сыяктуу), мисалы, сүрөт тартылган жерди же файл түзүлгөн күндү камтышы мүмкүн;
  • башка адамдар Кызматты колдонгондо берген контент, билдирүүлөр жана маалымат. Бул сиз тууралуу маалыматтарды, мисалы, алар сиздин сүрөттү бөлүшкөндө же ага пикир калтырганда, сизге билдирүү жөнөткөндө же байланыш маалыматыңызды жүктөп берип, шайкештирип же импорттогондо чогултулган маалыматты камтышы мүмкүн;
  • Кызматтын башка колдонуучулары менен болгон бардык сүйлөшүүлөр;
  • Уюмуңузга жөнөтүлгөн колдонуучулардын билдирүүлөрү, пикир-маалыматтары, сунуштары жана идеялары;
  • эсеп маалыматтары; жана
  • сиз же Уюмуңуз Кызмат боюнча платформанын колдоо кызматы менен байланышканда же ал менен аракеттешкенде берген маалымат.

II. Уюмуңуз бул маалыматты кантип колдонот?
Уюмуңуз чогулткан маалыматтарды Meta менен платформанын камсыздоочусу катары Meta Кызматты Уюмуңузга жана башка колдонуучуларга Уюмуңуздун башка көрсөтмөлөрүнө ылайык сунуштап, колдоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн бөлүшөт. Мындай колдонуулардын мисалдары төмөнкүлөр:
  • колдонуучуларга жана администраторлорго алардын Кызматты колдонуусу боюнча билдирүүлөрдү жөнөтүү;
  • Уюмуңуз жана башка колдонуучулар үчүн Кызматтын коопсуздугун бекемдөө (мисалы, шектүү аракеттерди же колдонуудагы шарттарды же саясаттарды бузууларды териштирүү аркылуу);
  • Кызматты сунуштоонун бир бөлүгү катары сиздин жана Уюмуңуздун колдонуу тажрыйбаларын жекелештирүү;
  • Уюмуңуз үчүн Кызматтын алкагында жаңы куралдарды, өнүмдөрдү же кызматтарды иштеп чыгуу;
  • Кызматтын жалпы иштөө сапатын жогорулатуу үчүн бир эле адам колдонгон ар түрдүү түзмөктөрдө аткарылган Кызматтагы иш-аракеттерди синхрондоштуруу;
  • каталарды аныктоо жана оңдоо; жана
  • дайындарды жана системаларды, анын ичинде Кызматты жакшыртуу боюнча изилдөөлөрдү анализдөө.

III. Маалыматты ачуу
Уюмуңуз чогултулган маалыматты төмөнкүдөй түрдө ачыктайт:
  • Кызматты же анын бир бөлүгүн сунуштоодо көмөк көрсөткөн үчүнчү тараптык кызмат камсыздоочуларга;
  • Кызмат аркылуу сиз туташа алган үчүнчү тараптын колдонмолоруна, сайттарына же башка кызматтарына;
  • ири корпоративдик транзакцияга байланыштуу, мисалы, Кызматты өткөрүп берүү, бириктирүү, кошулуу, активдерди сатуу же чанда кездешүүчү көрүнүш катары, банкроттукка кабылып же карыздарды төлөй албай калганда берилет;
  • ар бир адамдын коопсуздугун сактоо үчүн; алдамчылык, коопсуздук же техникалык маселелерди чечүү үчүн; жана
  • укук коргоо органдарынан келген сотко чакыруу кагазы, ордер, документтерди көрсөтүү буйругу же башка сурам же буйрукка байланыштуу.

IV. Маалыматыңызга кирүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү
Сизге жана Уюмуңузга Кызматтын куралдарын колдонуп Кызматка жүктөп берген маалыматка кирүүгө, аны оңдоого же өчүрүүгө уруксат берилет (мисалы, профиль маалыматыңызды түзөтүү же Аракеттер журналы аркылуу). Эгерде Кызматта берилген куралдарды колдонуп маалыматтарыңызга кирип, аларды өзгөртө албасаңыз, Уюмуңуз менен байланышып, маалыматыңызга түз кирип, өзгөртүү киргизүүнү сурашыңыз керек.

V. ЕБ-АКШ Купуялык программасы
Meta Platforms, Inc. компаниясы ЕБ-АКШнын Дайындардын Купуялыгы Программасына катышууну ырастаган. Ошол тастыктамада көрсөтүлгөн АКШдагы өнүмдөр жана кызматтар үчүн, Meta Platforms, Inc. компаниясына маалыматтарды өткөрүп берүүлөр боюнча ЕБ-АКШнын Дайындардын Купуялыгы боюнча Программасына жана Европа Комиссиясынын тиешелүү туура чечимине ишенебиз. Кененирээк маалымат алуу үчүн, Meta Platforms, Inc. компаниясынын Дайындардын купуялыгы боюнча программасы тууралуу ачыктаган документин караңыз.

VI. Үчүнчү тараптын шилтемелери жана контенти
Кызмат Уюмуңуз көзөмөлдөбөгөн үчүнчү тараптар тарабынан башкарылган контенттерге шилтемелерди камтышы мүмкүн. Сиз баш баккан ар бир сайттын купуялык саясатын окуп чыгышыңыз керек.

VII. Аккаунтту жабуу
Эгерде Кызматты колдонууну токтоткуңуз келсе, Уюмуңуз менен байланышышыңыз керек. Ошондой эле, эгерде Уюмда иштебей калсаңыз, ал Аккаунтуңузду бөгөттөп, Аккаунтуңуз менен байланышкан бардык маалыматты өчүрө алат.
Аккаунтту жапкандан кийин аны өчүрүүгө адатта 90 күн талап кылынат, бирок айрым маалымат резервдик көчүрмөлөрдө канча бир убакытка чейин калышы мүмкүн. Сиз Кызматта түзгөн жана бөлүшкөн контент Уюмуңузга таандык экенин жана Уюмуңуз Аккаунтуңузду убактылуу же биротоло өчүрсө деле Кызматта калышы мүмкүн экендигин эске алыңыз. Бул жагынан, Кызматта сиз сунуштаган контент сиз жумуш учурунда жасай турган контенттин башка түрлөрүнө окшош (мисалы, презентациялар же кызмат каттары).

VIII. Купуялык саясатына киргизилген өзгөртүүлөр
Ушул Купуялык саясаты маал-маалы менен жаңыртылып турушу мүмкүн. Андай учурда, төмөндөгү "акыркы жаңыртылган күнү" деген жердеги дата өзгөртүлүп, сайтта жаңы Купуялык саясаты жарыяланат.

IX. Байланыш
Эгерде ушул Купуялык саясаты же Workplace'ти алгылыктуу пайдалануу саясаты тууралуу суроолоруңуз болсо, Уюмуңуздун администратору аркылуу Уюмуңузга кайрылыңыз.
Калифорния штатынын тургундары керектөөчүлөрдүн купуялыгы боюнча укуктары жөнүндө кененирээк Уюмунун администратору аркылуу Уюму менен байланышып биле алышат.

Акыркы жаңыртылган күнү: 10-октябрь, 2023