Workplace'теги маркетингге тиешелүү Купуялык саясаты

Акыркы өзгөртүлгөн күнү: 10-октябрь, 2023-жыл.
МАЗМУНУ
  1. Юридикалык маалымат
  2. Биз чогулткан маалымат
  3. Маалыматыңызды кантип иштетебиз
  4. Биз бөлүшкөн маалымат
  5. Укуктарыңыз кантип ишке ашырылат
  6. Маалыматыңызды сактоо
  7. Дүйнө жүзүндөгү иш-аракеттерибиз
  8. Маалыматты иштетүү үчүн укуктук негиздер
  9. Купуялык саясатына киргизилген жаңыртуулар
  10. Маалыматыңыз үчүн ким жоопкерчилик алат
  11. Биз менен байланышуу

1. Юридикалык маалымат

Ушул купуялык саясатында (“Купуялык саясаты”) биздин сайттар, анын ичинде workplace.com (“Сайттар”) (Workplace Кызматтарынан башка) жана иш-аракеттерге негизделген маркетинг жана пикир-маалыматтар (жалпысынан “Иш-аракеттер”) менен байланышкан дайындарды иштетүү ыкмаларыбыз түшүндүрүлгөн. Ушул Купуялык саясатында биздин Сайттар менен Иш-аракеттерибизге байланыштуу кандай маалыматтарыңызды чогултарыбыз көрсөтүлгөн. Андан кийин ал маалыматты кантип иштетип, бөлүшөрүбүз жана укуктарыңызды кантип ишке ашыра аларыңыз тууралуу түшүндүрүп беребиз.
“Meta”, “биз”, “биздин” же “бизди” “Маалыматыңыз үчүн ким жоопкерчилик алат” бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй ушул Купуялык саясаты боюнча жеке дайындарды чогултуп, колдонууга жоопкерчиликтүү Meta компаниясын билдирет.
Workplace Кызматтары: Ушул Купуялык саясаты биз кардарларыбызга сунуштаган жана колдонуучуларга жумушта кызматташып, маалыматтарды бөлүшүүгө уруксат берген онлайн Workplace өнүмүнө, анын ичинде Workplace өнүмүнө, колдонмолоруна жана тиешелүү онлайн кызматтарына (чогуу алганда “Workplace Кызматтары”) колдонулбайт. Workplace Кызматтарын колдонууңузду бул жердегиWorkplace'тин Купуялык саясаты” көзөмөлдөйт.

2. Биз чогулткан маалымат

Сиз жөнүндө төмөнкү маалыматтарды чогултабыз:
Байланыш маалыматыңыз. Сиз, мисалы, биздин өнүмдөр, анын ичинде Workplace менен байланышкан маалыматты сураганда, ресурстарды жүктөп алганда, маркетингдик материалдарга катталганда, иш-чараларыбыздын же жолугушууларыбыздын бирине акысыз сыноо үчүн сурам жөнөткөндө же аларга катышканда, аты-жөнүңүз, ээлеген кызматыңыз, уюмуңуздун аталышы жана телефон номериңиз сыяктуу негизги маалыматты жана электрондук почта дарегиңизди чогултабыз. Эгерде бизге бул маалыматтарды бербесеңиз, мисалы Workplace'тин акысыз версиясын колдонуп көрүүнү баштоо үчүн аккаунт түзө албайсыз. Эгерде сиз уюмуңуздун аккаунтунун администратору болсоңуз, бизден маркетинг боюнча электрондук билдирүүлөрдү алууга макулдук бергениңизден кийин байланыш маалыматыңызды чогултабыз.
Сиз бизге берген маалымат. Биз менен байланышканда, бизге башка маалыматтарды берсеңиз болот. Маалыматтын түрү биз менен байланышканыңыздын себебине жараша болот. Мисалы, эгерде сизде Сайттарды колдонууда маселе келип чыкса, аны чечүүгө керектүү деп эсептеген маалыматты жана сиз менен байланышуу ыкмасын (мис., электрондук почта дареги) берсеңиз болот. Мисалы, бизге Сайтыбыздын иштөөсү же башка маселелер тууралуу электрондук кат жөнөтсөңүз болот. Ошондой эле, эгерде бизден Workplace Кызматтары жөнүндө маалымат сурасаңыз, мисалы, кайда иштериңизди же бизге сурамыңызга жооп берүүгө жардам бере турган башка маалыматты айтсаңыз болот.
Сурамжылоо жана пикир-маалымат жөнүндө маалымат. Ошондой эле, сиз жөнүндө маалыматты биздин сурамжылоолорубуздун же пикир-маалыматтарды чогултуу программаларыбыздын бирине өз эркиңиз менен катышканда алабыз. Мисалы, пикир-маалыматтарды чогултуу программасына өз эрки менен катышууга макул болгон Workplace кардарларынын коомдоштугун түзүү сыяктуу пикир-маалыматтарды чогултуу программаларын түзүп, сурамжылоолорду жүргүзгөн үчүнчү тараптык кызмат камсыздоочулар менен иштешебиз. Ал компаниялар сиз жөнүндө кайсы бир жагдайларда чогулткан маалыматты, анын ичинде жашыңыз, жынысыңыз, электрондук почта дарегиңиз, компанияңыздагы ролуңуз жана өнүмдөрүбүздү колдонуу жолдоруңуз тууралуу маалымат жана сиз берген пикир-маалыматтарды бизге берет.
Колдонуу жана журнал тууралуу маалымат. Биз сайттарыбызда аткарган аракеттериңиз тууралуу маалыматты, мисалы, колдонгон кызматтарга тиешелүү дайындарды, диагностика жана майнаптуулук боюнча маалыматты чогултабыз. Ага иш-аракеттериңиз тууралуу маалымат (анын ичинде Сайтыбызды кантип колдоноруңуз жана иш-аракеттериңиздин убактысы, жыштыгы жана узактыгы), аракеттер журналынын файлдары жана диагностика, бузулуу, вебсайт жана майнаптуулук боюнча отчёттор кирет.
Түзмөк жана туташуу тууралуу маалымат. Сайттарыбызга кирип же колдонгонуңузда, түзмөккө жана туташууга тиешелүү маалыматты чогултабыз. Ага аппараттын модели, операциялык система тууралуу маалымат, батареянын деңгээли, сигналдын кубаттуулугу, колдонмонун версиясы, браузер, мобилдик тармак, туташуу тууралуу маалымат (анын ичинде телефон номери, мобилдик байланыш оператору же интернет кызматын камсыздоочу), тил жана убакыт алкагы, IP-дареги, түзмөктүн иштеши тууралуу маалымат жана идентификаторлор (анын ичинде ошол эле түзмөк же аккаунт менен байланышкан Meta компаниясынын өнүмдөрүнө гана таандык идентификаторлор) сыяктуу маалыматтар кирет.
Cookie файлдары. Сайттарыбыз cookie файлдарын колдонот. Cookie файлдары – бул Сайтыбыз колдонуучунун браузерине жөнөтүп, колдонуучу системага кайтып келгенде, анын компьютерин же түзмөгүн таануу үчүн колдонуучунун аппараттык камсыздоо дискинде сактала турган дайындардын кичинекей элементи. Андан сырткары, ошондой эле функциясы бар башка технологияларды дагы колдонобуз. Workplace Сайтында cookie файлдарын жана ага окшош технологияларды кантип колдонорубуз тууралуу кененирээк Cookie файлдары жөнүндө саясатыбыздан караңыз.
Үчүнчү тараптардан алынган маалымат. Сайттарыбызды же Иш-аракеттерибизди иштетип, сунуштап, жакшыртып, түшүнүп, жекелештирип жана колдоого жардам берүү үчүн үчүнчү тараптын кызмат камсыздоочулары менен иштешкенибизде, алардан сиз тууралуу маалыматтарды алабыз.
Meta компаниялары. Айрым учурларда, маалыматты башка Meta Компаниялары менен бирге колдонгон инфратүзүмдөн, системалардан жана технологиялардан алабыз. Ошондой эле, Meta компаниясынын өнүмдөрүндөгү жана түзмөктөрүңүздөгү сиз тууралуу маалыматты ар бир өнүмдүн шарттары менен эрежелерине жана колдонуудагы мыйзамга ылайык иштетебиз.
Workplace Кызматтарын колдонгонуңузда чогултулган маалыматка сиз ал Кызматтарды колдонгондо маалыматыңызды иштетүүнү көзөмөлдөгөн Workplace'тин Купуялык саясаты колдонулат.

3. Маалыматыңызды кантип иштетебиз

Биздеги маалыматты (сиздин тандоолоруңузду жана колдонуудагы мыйзамды эске алуу менен) Сайттарыбызды жана Иш-аракеттерибизди колдонуу, сунуштоо, жакшыртуу, анализдөө, жекелештирүү жана колдоо үчүн колдонобуз.
Сайтыбызды жана Иш-аракеттерибизди сунуштоо, жакшыртуу жана өнүктүрүү.
Маалыматыңызды Сайтыбыз менен Иш-аракеттерибизди сунуштап, жакшыртып жана өнүктүрүү үчүн анализдейбиз. Ага сизге Сайттарыбызды жалпысынан колдонуп, карап чыгууга, кененирээк маалымат алуу үчүн биз менен байланышууга, кошумча ресурстарга кирүүгө жана акысыз сыноолорго катталууга уруксат алуу кирет. Андан тышкары, маалыматыңызды ушул Купуялык саясатына ылайык маркетингдик иш-аракеттерди аткаруу үчүн колдонобуз. Ошондой эле, маалыматыңызды сиз катышып жаткан сурамжылоолорду жана/же пикир-маалыматтарды чогултуу программаларын сунуштоо, жакшыртуу жана иштеп чыгуу үчүн колдонобуз.
Кардарлардын каалоолорун жана алар жактырган нерселерди түшүнүү.
Эгерде пикир-маалыматтарды чогултуу программаларыбызга же башка пикир-маалыматтарды изилдөөлөргө катышсаңыз (мисалы, жаңы концепцияларды сынасаңыз же Workplace'тин функцияларын алдын ала көрсөңүз), маалыматыңызды эске алып, анализдейбиз. Бул аракеттер кардарлар эмнени каалап, эмнелерди жактырып жаткандыгын түшүнүү үчүн, мисалы, Workplace'тин же башка өнүмдөр менен кызматтардын функцияларын өзгөртүп же жаңы функцияларды киргизүү зарылдыгын аныктап, башка статистикаларды чогултуу максатында жасалат. Пикир-маалыматтарды чогултуу программасына же башка пикир-маалыматтар боюнча изилдөөлөргө катышканыңыздын жыйынтыгында алынган маалымат башка маалыматтар менен бириктирилип, өздүк аныкталбаган түрдө колдонулат жана эгерде пикир-маалымат же статистикалык отчётто цитаталар же жеке ой-пикирлер колдонулган болсо, ал жеке сизге байланыштырылбайт.
Сиз менен сүйлөшүү.
Биздеги маалыматты сизге маркетингдик билдирүүлөрдү жөнөтүү жана жалпы эле Сайттарыбыз жана Иш-аракеттерибиз тууралуу сүйлөшүү жана тиешелүү учурларда эрежелерибиз жана шарттарыбыз тууралуу билдирүү үчүн колдонобуз. Маалыматыңызды биз менен байланышканыңызда сизге жооп берүү үчүн дагы колдонобуз.
Маркетингди жана жарнамаларды сунуштоо, жекелештирүү, анализдөө жана жакшыртуу.
Маалыматыңызды максаттуу жарнамалар, анын ичинде өзүбүздүн жана үчүнчү тараптын тармактары аркылуу, окшош аудиторияларды, ыңгайлаштырылган аудиторияларды түзүү жана өзүбүздүн жана үчүнчү тараптардын жарнама тармактарын өлчөө үчүн колдонобуз.
Коопсуздукту, бүтүндүктү жана коргоону камсыздоо.
Түзмөгүңүз жана туташуу тууралуу маалыматты шектүү жүрүм-турумдардын үлгүлөрүн аныктап, изилдөө үчүн анализдеп чыгабыз.
Маалыматты сактоо жана башкалар, анын ичинде укук коргоо органдары менен бөлүшүү жана юридикалык сурамдарга жооп берүү.
Маалыматыңызды юридикалык милдеттерди аткаруу үчүн, анын ичинде, мисалы, көзөмөлдөө органынан, укук коргоо органдарынан же башкалардан жарактуу юридикалык сурам болгон учурда айрым маалыматка кирүү, сактоо же ачыктоо үчүн иштетебиз. Бул биз мыйзам боюнча милдеттүү эмес, бирок ал тиешелүү юрисдикциядагы мыйзам тарабынан талап кылынып жатканына чын дилибизден ишенген учурларда юридикалык сурамдарга жооп берүүнү же ал маалыматты укук коргоо органдары же тармактык өнөктөштөр менен зордук-зомбулук же мыйзамсыз иш-аракеттер менен күрөшүү үчүн бөлүшүүнү камтыйт. Мисалы, укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери үчүн керектүү деп талап кылынган учурда, колдонуучунун маалыматынын тартылган сүрөтүн сактайбыз. Маалыматты бизге юридикалык кеңеш же соттук териштирүүлөр жана башка талаш-тартыш контексттеринде өзүбүздү коргоо керек болгон учурда сактап, бөлүшөбүз. Буга биздин шарттарды жана эрежелерди бузуулар тууралуу маалыматтар кирет. Айрым учурларда, мыйзам тарабынан талап кылынган учурда жеке маалыматыңызды бербесеңиз, сиз жана Meta колдонуудагы мыйзамды бузушуңар мүмкүн.

4. Биз бөлүшкөн маалымат

Өнөктөштөрдөн жана үчүнчү тараптардан биз берген маалыматты кантип колдонуп, кайсы учурларда ачыктай алары жөнүндө эрежелерибизди сактоону талап кылабыз. Төмөндө маалыматтарды ким менен бөлүшөрүбүз кененирээк көрсөтүлгөн:
Үчүнчү тараптык өнөктөштөр жана кызмат камсыздоочулар : Сайттарыбызды башкарып, Иш-аракеттерибизди аткарууга жардам берген үчүнчү тараптык өнөктөштөр жана үчүнчү тараптык кызмат камсыздоочулар менен кызматташабыз. Алар бизди кандай колдоп же биз менен кандай иштегенине жараша, үчүнчү тараптык кызмат камсыздоочулар менен маалыматты бөлүшкөндө, алардан маалыматыңызды биздин атыбыздан биздин көрсөтмөлөрүбүзгө жана шарттарыбызга ылайык колдонуусун талап кылабыз. Биз ар түрдүү өнөктөштөр жана кызмат камсыздоочулар менен, атап айтканда, бизге маркетинг, аналитика, сурамжылоолор, пикир-маалыматтарды чогултуу программалары жана өнүмдөрүбүздү жана кызматтарыбызды жакшыртууда жардам бергендер менен иштешебиз.
Meta компаниялары: Иш-аракеттерибиз менен байланышкан же Сайттарыбыз, инфратүзүм, системаларыбыз жана технологияларыбыз аркылуу чогулткан маалыматты башка Meta компаниялары менен бөлүшөбүз. Бөлүшүү коопсуздукту, коргоону жана бүтүндүктү камсыздоого; сунуштарды жана жарнамаларды жекелештирүүгө; колдонуудагы мыйзамдарды сактоого; функцияларды жана интеграцияларды иштеп чыгып, сунуштоого жана адамдар Meta компаниясынын өнүмдөрү менен кантип аракеттешип жаткандыгын билүүгө жардам берет.
Юридикалык маселелер жана талаптарды аткаруу: Маалыматыңызды (i) тинтүү ордерлери, соттук аныктамалар, маалыматтарды берүү үчүн соттук буйруктар же соттун чакыруу кагаздары сыяктуу юридикалык сурамдарга жооп берүү үчүн колдонуп, сактап жана бөлүшүшүбүз мүмкүн. Бул сурамдар үчүнчү тараптардан, мисалы, жарандык соттук териштирүүлөрдүн катышуучуларынан, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан келет. Ошондой эле, маалыматыңызды бизге (ii) колдонуудагы мыйзамга ылайык андай сурамдарга жооп берүүгө жана аларды изилдөөгө жана (iii) Meta Өнүмдөрүнүн, колдонуучулардын, кызматкерлердин, объекттердин жана коомдоштуктун коопсуздугун, корголушун жана бүтүндүгүн камсыздоого жардам берген башка уюмдар, анын ичинде Meta компаниялары же үчүнчү тараптар менен бөлүшө алабыз. Бул, ошондой эле, келишимди бузууну, шарттарыбызды же эрежелерибизди же мыйзамды бузууларды изилдөө же алдамчылыкты аныктоо, токтотуу же алдын алуу максаттарында дагы колдонулат. Жеке маалыматыңыз ошондой эле керектүү учурларда соттук доолорду аныктоо, иш жүзүндө аткаруу же төгүнгө чыгаруу үчүн жана адамдардын же мүлктүн чыныгы же божомолдонгон зыянга учуроо учурларын изилдеп, алардын алдын алуу үчүн дагы ачыкталышы мүмкүн.
Компанияны сатуу: Эгерде компаниябызды толук же жарым-жартылай башка бирөөгө сатсак же өткөрүп берсек, колдонуудагы мыйзам боюнча маалыматыңызды жаңы ээсине ошол транзакциянын алкагында беришибиз мүмкүн.

5. Укуктарыңыз кантип ишке ашырылат

Жеке маалыматыңызга болгон укуктарыңыз колдонуудагы мыйзамга жана жашаган жериңизге жараша болот. Бул укуктардын айрымдары жалпыга колдонулса, айрым укуктар чектелген учурларда гана же айрым юрисдикцияларда гана колдонулат. Укуктарыңызды колдоно алуу үчүн, бул жерден биз менен байланышыңыз.
  • Кирүү/билүү укугу – Маалыматыңызга кирүүгө сурам жөнөтүүгө жана биз чогулткан, колдонгон жана ачыктаган жеке маалыматыңызды кошуп айрым маалыматтын көчүрмөсүн жана дайындарды иштетүү ыкмаларыбыз тууралуу маалыматты алууга укугуңуз бар.
  • Түзөтүү укугу – Жеке маалыматыңызды түзөтүүгө сурам жөнөтүү укугуңуз бар.
  • Өчүрүү/өчүрүүгө сурам жөнөтүү укугу – Айрым учурларда, эгерде негиздүү себептер бар болсо жана колдонуудагы мыйзамга ылайык болсо, жеке маалыматыңызды өчүрүүгө сурам жөнөтүүгө укугуңуз бар.
  • Дайындарды которуу укугу – Айрым учурларда, маалыматыңызды түзүлүштүү, жалпы колдонулган жана машина тарабынан окулуучу форматта алып, аны башка маалымат көзөмөлдөөчүсүнө өткөрүп берүүгө укугуңуз бар.
  • Каршылык/баш тартуу укугу (маркетинг) – Маалыматыңыздын түз маркетинг, профилдерди түзүү жана автоматташтырылган чечим чыгаруу максаттарында иштетилишине каалаган учурда каршы болууга укуктуусуз. Эгерде маалыматыңызды түз маркетинг үчүн колдонсок, каршылыгыңызды билдирип, кийинки түз маркетингдик билдирүүлөрдөн алардагы "жазылуудан баш тартуу" шилтемесин колдонуп баш тарта аласыз.
  • Каршылык билдирүү укугу – Маалыматыңыздын иштетилишине каршылык билдирип, айрымдарын чектөөгө укугуңуз бар. Маалыматыңыздын иштетилишине биз мыйзамдуу кызыкчылыктарга таянып же кайсы бир тапшырманы жалпы кызыкчылык үчүн аткарганда каршылык билдирсеңиз болот. Каршылыкты баалоодо бир нече факторлорду эске алабыз, анын ичинде: Эгерде сиздин кызыкчылыктарыңыз же негизги укуктарыңыз жана эркиндиктериңиз үстөмдүк кылбаган андай иштетүүгө негиздүү мыйзамдуу негиздер жок деп тапсак же иштетүү мыйзамдуу себептерден улам талап кылынбаса, каршылыгыңыз канааттандырылып, маалыматыңызды иштетүүнү токтотобуз. Маалыматыңызды түз маркетинг үчүн колдонуубузду токтотуу үчүн, маркетингдик билдирүүлөрүбүздөгү "жазылуудан баш тартуу" шилтемесин колдоно аласыз.
    • Негиздүү күтүүлөрүңүз
    • Сизге, бизге, башка колдонуучуларга же үчүнчү тараптарга болгон пайдалар жана тобокелдер
    • Ошол эле максатка азыраак кийлигишүү деңгээли жана ченеми келишпеген аракеттерди талап кылбаган башка жеткиликтүү каражаттар
  • Макулдугуңузду жокко чыгаруу укугу – Айрым иштетүү иш-аракеттери үчүн макулдугуңузду сураган учурларда, ал макулдукту каалаган учурда жокко чыгарууга укугуңуз бар. Макулдугуңузду жокко чыгаруу ага чейин ишке ашырылган иштетүүлөрдүн мыйзамдуулугуна таасирин тийгизберин эске алыңыз.
  • Арыздануу укугу – Жергиликтүү көзөмөл органына арыз берүүгө укугуңуз бар. Meta Platforms Ireland Limited'дин башкы көзөмөл органы – бул Ирландиянын Дайындарды Коргоо боюнча Комиссиясы.
  • Дискринимациянын жоктугуна болгон укук: Эгерде бул укуктардын кайсы бирин ишке ашырып жатсаңыз, сизди дискриминация кылбайбыз.
Маалыматыңызды жана Маркетингдик Кызматтарыбыздын бүтүндүгүн коргоо максатында, сурамыңызды иштетүүгө чейин өздүк маалыматыңызды тастыкташыбыз керек экендигин эске алыңыз. Айрым учурларда, өздүк маалыматыңызды тастыктоо үчүн кошумча дайындарыңызды (мисалы айрым юрисдикцияларда мамлекеттик үлгүдөгү ID картаңыздын маалыматын) чогултушубуз мүмкүн. Айрым мыйзамдарга ылайык, бул укуктарды өзүңүз ишке ашырып же бул сурамдарды сиздин атыңыздан кыла турган ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындай аласыз.
Бразилиянын Дайындарды Коргоо боюнча Мыйзамы
Ушул бөлүм Бразилиянын мыйзамына ылайык жеке маалыматты иштетүүгө колдонулат жана ушул Купуялык саясатын толуктайт.
Бразилиянын Дайындарды Коргоо боюнча Мыйзамына ("БДКБМ) ылайык, дайындарыңызга кирүүгө, аларды түзөтүүгө, которууга, өчүрүүгө жана бизге аларды иштетүүгө уруксат берүүгө укугуңуз бар. Айрым жагдайларда, жеке маалыматыңызды иштетүүгө каршылык билдирип, аларды чектөөгө дагы укугуңуз бар же иштетүүгө макулдук бергенден кийин аны кайра жокко чыгара аласыз. Ушул Купуялык саясаты дайындарды үчүнчү тараптар менен кантип бөлүшөрүбүз тууралуу маалымат берет. Дайындарды иштетүү ыкмаларыбыз тууралуу кененирээк маалымат алууга сурам жөнөтүү үчүн, бул жерди чыкылдатыңыз.
Ошондой эле, ДКОго түз байланышып, Бразилиянын Дайындарды коргоо боюнча органына сурам жөнөтө аласыз.

6. Маалыматыңызды сактоо

Жеке маалыматыңызды ушул Купуялык саясатында көрсөтүлгөн максаттарга керектүү болгон учурга чейин гана сактайбыз. Meta сиздин пикир-маалыматтарды чогултуу боюнча программаларга же пикир-маалыматтар боюнча изилдөөлөргө катышканыңызда, биз чогулткан маалыматты долбоор ишке ашырылып бүткөнгө чейин жана анализдерди жүргүзүү, эксперттик сын-пикирлерге жооп берүү же башка түрдө пикир-маалыматты текшерүүгө керек болгон убакытка чейин сактайт. Meta жеке маалыматыңызды юридикалык милдеттерин аткарууга (мисалы, эгерде колдонуудагы мыйзам боюнча жеке маалыматыңызды сактоо талап кылынса), талаш-тартыштарды чечүүгө жана шарттарыбыздын аткарылышын камсыздоого керектүү болгон деңгээлде сактайт. Бул сактоо мөөнөттөрү бүткөндөн кийин жана ал жеке маалыматтарды сактоого башка себептер жок калганда, тиешелүү жеке маалымат өчүрүлөт.

7. Дүйнө жүзүндөгү иш-аракеттерибиз

Биз дүйнө жүзү боюнча чогулткан маалыматты ички кеңселерибиз жана дайындар борборлору, ошондой эле товарларды, кызматтарды камсыздоочулар жана үчүнчү тараптар менен бөлүшөбүз. Meta дүйнө жүзү боюнча кардарлары жана кызматкерлери бар глобалдык компания болгондуктан, дайындарды өткөрүп берүү бир нече себептерден улам талап кылынат, анын ичинде:
  • Ушул Купуялык саясатынын шарттарында көрсөтүлгөн кызматтардын иштешин камсыздап, сунуштоо үчүн
  • Ушул Купуялык саясатына ылайык өнүмдөрүбүздү түзөтүп, анализдеп жана жакшырта алуу үчүн
Маалымат каякка өткөрүлүп берилет?
Маалыматыңыз төмөнкү жерлерге өткөрүлүп берилип, которулуп же сакталып жана иштетилет:
  • Инфратүзүмүбүз же дайындар борборлорубуз бар жерлерге, анын ичинде АКШда, Ирландияда, Данияда жана Швецияда
  • Workplace жеткиликтүү жерлерге
  • Ушул Купуялык саясатында сүрөттөлгөн максаттар үчүн сиз жашаган өлкөдөн тышкары товарларды жана кызматтарды камсыздоочуларыбыз, үчүнчү тараптарыбыз жайгашкан башка өлкөлөргө.
Маалыматыңызды кантип коргойбуз?
Дайындарды өлкөлөр арасында которгондо тиешелүү механизмдерди колдонобуз.
Дайындарды дүйнө жүзү боюнча өткөрүүдө биз колдонгон механизмдер
Эл аралык өткөрүп берүүлөр үчүн тиешелүү механизмдерди колдонобуз. Мисалы, биз чогулткан маалымат үчүн:
Европа Экономикалык Аймагы
  • Европа Комиссиясынын Европа Экономикалык Аймагынан тышкары жайгашкан айрым өлкөлөр жана аймактар жеке маалыматтардын адекваттуу коргоо деңгээлин камсыздайт деп тааныган чечимдерине таянабыз. Бул чечимдер "адекваттуулук чечимдери" деп аталат. Европа Экономикалык Аймагынан чогултулган маалыматты Аргентинага, Израилге, Жаңы Зеландияга, Швейцарияга жана, чечим колдонулса, тиешелүү адекваттуулук чечимдеринин негизинде Канадага өткөрүп беребиз. Ар бир өлкө үчүн адекваттуулук чечим тууралуу кененирээк. Meta Platforms, Inc. ЕБ-АКШ Дайындардын Купуялыгы боюнча Программасына катышууну ырастаган. Ошол тастыктамада көрсөтүлгөн өнүмдөр жана кызматтар үчүн, маалыматтарды өткөрүп берүүлөр боюнча ЕБ-АКШнын Дайындардын Купуялыгы боюнча Программасына жана Европа Комиссиясынын тиешелүү туура чечимине ишенебиз. Кененирээк маалымат алуу үчүн, Meta Platforms, Inc. компаниясынын Дайындардын купуялыгы боюнча программасы тууралуу ачыктаган документин караңыз.
  • Башка учурларда, маалыматты үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүдө Европа Комиссиясы тарабынан ырасталган стандарттык келишим шарттарына (жана тиешелүү учурда Улуу Британия үчүн ошол сыяктуу стандарттык келишим шарттарына) же колдонуудагы мыйзам боюнча каралган бөтөнчө шарттарга таянабыз.
Эгерде өлкөлөр арасында дайындарды өткөрүп берүү жана стандарттык келишим шарттары боюнча суроолоруңуз болсо, биз менен байланышыңыз.
Корея
Сизге жеткиликтүү купуялык боюнча укуктар, маалыматыңызды бөлүшкөн үчүнчү тараптар тууралуу кененирээк маалымат жана башка нерселер тууралуу Кореянын Купуялык боюнча Эскертүүсүнөн кененирээк билиңиз.
ROW:
  • Башка учурларда, маалыматты үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүдө Европа Комиссиясы тарабынан ырасталган стандарттык келишим шарттарына (жана тиешелүү учурда Улуу Британия үчүн ошол сыяктуу стандарттык келишим шарттарына) же колдонуудагы мыйзам боюнча каралган бөтөнчө шарттарга таянабыз.
  • Башка өлкөлөрдө дайындарды коргоо деңгээлинин адекваттуулугун аныктоодо Европа Комиссиясынан жана башка тиешелүү органдардан алынган аныктамаларга таянабыз.
  • АКШга жана башка тиешелүү өлкөлөргө дайындарды өткөрүп берүү үчүн колдонулган колдонуудагы мыйзамга ылайык келген эквиваленттүү механизмдерди колдонобуз.
Маалыматыңызды өткөрүп берүүдө тиешелүү коргоо чараларын көрөбүз. Мисалы, маалыматыңызды уруксатсыз кирүүлөрдөн коргоо үчүн, жалпыга ачык тармактардан өткөрүп берип жатканда, шифрлейбиз.

8. Маалыматты иштетүүгө укуктук негиздер

Колдонуудагы дайындарды коргоо боюнча мыйзамдарга ылайык, компанияларда жеке маалыматты иштетүү үчүн укуктук негиз болуш керек. "Жеке маалыматты иштетүү" дегенибизде, биз ушул Купуялык саясатынын жогорудагы башка бөлүмдөрүндө сүрөттөгөндөй маалыматыңызды чогултуу, колдонуу жана бөлүшүү жолдору катары түшүнөбүз.
Биздин укуктук негиздерибиз эмне?
Сиздин юрисдикцияңызга жана кырдаалдарыңызга жараша, ушул Купуялык саясатында сүрөттөлгөн максаттарда маалыматыңызды иштетүү үчүн ар түрдүү укуктук негиздерге таянабыз. Ошол эле маалыматыңызды башка максаттарда иштетип жатканда башка укуктук негиздерге дагы таянабыз. Айрым юрисдикцияларда, жеке маалыматыңызды иштетүү үчүн биринчи кезекте сиздин макулдугуңузга таянабыз. Башка юрисдикцияларда, анын ичинде Европа аймагында, төмөндөгү укуктук негиздерге таянабыз. Төмөндөгү ар бир негиз үчүн, маалыматыңызды иштетүү максаттары көрсөтүлгөн.
Мыйзамдуу кызыкчылыктар
Эгерде сиздин кызыкчылыктарыңыз же негизги укуктарыңыз менен эркиндиктериңиз басымдуулук кылбаса, өзүбүздүн же үчүнчү тараптын мыйзамдуу кызыкчылыктарына таянабыз (“мыйзамдуу кызыкчылыктар”):
Маалыматыңызды эмне үчүн жана кантип иштетебизБиз таянган мыйзамдуу кызыкчылыктарКолдонулган маалыматтардын категориялары
Сайтыбызды жана Иш-аракеттерибизди сунуштап, жакшыртып жана өнүктүрүү үчүн, биз:
Маалыматыңызды жана биздин Сайтыбызды кантип колдонуп, Иш-аракеттерибиз менен кантип аракеттешип жатканыңызды анализдейбиз.
Сайтыбыздагы аракеттерди анализдеп, аны көзөмөлдөп жана жакшыртуу биздин кызыкчылыгыбыз болуп саналат.
Маркетинг жана пикир-маалыматтар боюнча Иш-аракеттерди аткаруу, аларды сиз кантип колдонуп жатканыңызды анализдөө жана аларды өнүктүрүп, жакшыртуу – биз үчүн маанилүү болуп саналат.
  • Байланыш маалыматыңыз
  • Сиз бизге берген маалымат
  • Колдонуу жана журнал тууралуу маалымат
  • Түзмөк жана туташуу тууралуу маалымат
  • Үчүнчү тараптардын маалыматы
  • Cookie файлдары
Колдонуучулардын каалоолорун жана аларга жаккан нерселерди анализдөө үчүн, биз:
талдоо иштерин аткарып, анын ичинде, эгерде сиз пикир-маалыматтарды чогултуу программасына жана башка пикир-маалыматтар боюнча изилдөөлөргө катышсаңыз, мисалы, жаңы концепцияларды сынап же Workplace'тин функцияларын алдын ала көрсөңүз, маалыматтарыңызды жана пикирлериңизди анализдейбиз.
Сиздин пикир-маалыматтарды чогултуу программасына жана башка пикир-маалыматтарды изилдөөлөргө катышууңуздан алынган маалымат башка маалыматтар менен бириктирилип, өздүктү аныктабаган түрдө колдонулат жана эгерде пикир-маалыматта же статистикалык отчётто цитаталар же жеке пикирлер колдонулган болсо, отчётто алар жеке сиз менен байланыштырылбайт.
Кардарлар эмнени каалап, эмнелерди жактырып жаткандыгын түшүнүү жана ал маалыматтарды Workplace'тин же башка өнүмдөр менен кызматтардын функцияларын өзгөртүү же жаңы функцияларды киргизүү зарылдыгын аныктоо жана башка статистикаларды чогултуу максатында колдонуу – биз жана кардарлар үчүн маанилүү.
  • Байланыш маалыматыңыз
  • Сиз бизге берген маалымат
  • Колдонуу жана журнал тууралуу маалымат
  • Түзмөк жана туташуу тууралуу маалымат
  • Үчүнчү тараптардын маалыматы
  • Cookie файлдары
Сиз менен байланышып, сизге маркетингдик билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн (сиз берген макулдукка негизделбеген учурларда).
Эгерде жаңылыктар сыяктуу маркетингдик билдирүүлөрдү электрондук почта дареги аркылуу алууга катталган болсоңуз, ар бир электрондук каттын ылдый жагындагы "жазылуудан баш тартуу" деген шилтемени чыкылдатып, каалаган учурда алардан баш тарта аласыз.
Биз сизге Иш-аракеттерибиз жана эрежелерибиз жана/же тиешелүү болсо, шарттарыбыз тууралуу билдирип турабыз.
Ошондой эле, биз менен байланышканыңызда сизге жооп беребиз.
Өнүмдөрүбүздү жарнамалап, сизге кызыктуу болушу мүмкүн болгон жаңы же жаңыртылган өнүмдөр боюнча сизге маалымат берип туруу биздин кызыкчылыгыбыз болуп эсептелет.
Иш-аракеттерибиз тууралуу сизге билдирип туруу биздин кызыкчылыгыбыз болуп саналат.
Биз менен байланышканыңызда сизге жооп берүү үчүн маалыматыңызды колдонуу биздин жана сиздин кызыкчылыгыңыз болуп саналат.
  • Байланыш маалыматыңыз
  • Сиз бизге берген маалымат
Маркетинг жана жарнаманы сунуштоо, жекелештирүү, анализдөө жана жакшыртуу үчүн, биз:
Маалыматыңызды максаттуу жарнамалар, анын ичинде өзүбүздүн жана үчүнчү тараптардын тармактары аркылуу, окшош аудиторияларды, ыңгайлаштырылган аудиторияларды түзүү жана өзүбүздүн жана үчүнчү тараптардын жарнама тармактарын анализдөө үчүн колдонобуз.
Маркетингдик жана жарнамалык иш-аракеттерди аткаруу биздин кызыкчылыгыбыз болуп саналат.
  • Байланыш маалыматыңыз
  • Сиз бизге берген маалымат
  • Колдонуу жана журнал тууралуу маалымат
  • Түзмөк жана туташуу тууралуу маалымат
  • Cookie файлдары
Коопсуздукту, бүтүндүктү жана коргоону камсыздоо үчүн, биз:
Шектүү жүрүм-турумдардын үлгүлөрүн аныктап, изилдөө үчүн түзмөгүңүз жана туташуу тууралуу маалыматыңызды анализдейбиз.
Биздин, Сайттарыбыздын колдонуучуларынын жана Маркетингдик жана Пикир-маалымат боюнча иш-аракеттердин катышуучуларынын кызыкчылыгы үчүн, тиешелүү системаларды коопсуз сактап, спам, коркунучтар, зыяндуу аракеттер же эрежелерди бузган иш-аракеттер менен күрөшүү жана Сайттарда жана Иш-аракеттерде коопсуздукту жана коргоону камсыздоо маанилүү болуп саналат.
  • Түзмөк жана туташуу тууралуу маалымат
  • Колдонуу жана журнал тууралуу маалымат
  • Cookie файлдары
Биз башкалар менен, анын ичинде укук коргоо органдары менен маалыматтарды бөлүшөбүз.
Бул биз үчүн мыйзам боюнча милдеттүү эмес, бирок, тиешелүү юрисдикциядагы мыйзам тарабынан талап кылынып жатканына чын дилибизден ишенген учурларда юридикалык сурамдарга жооп берүү же ал маалыматты укук коргоо органдары же тармактык өнөктөштөр менен зордук-зомбулук же мыйзамсыз иш-аракеттер менен күрөшүү үчүн бөлүшүлгөн маалыматтар болуп саналат. Мисалы, укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери үчүн керектүү деп талап кылынган учурда, колдонуучунун маалыматынын тартылган сүрөтүн сактайбыз.
Алдамчылыктын, Сайттарыбызды же Иш-аракеттерибизди уруксатсыз колдонуунун, шарттарыбыз менен эрежелерибизди бузуулардын же башка зыяндуу же мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алып, токтотуу биздин жана колдонуучуларыбыздын кызыкчылыгы болуп саналат.
Өзүбүздү (анын ичинде укуктарыбызды, мүлктөрүбүздү же өнүмдөрүбүздү), колдонуучуларыбызды же башкаларды, анын ичинде териштирүү процессинде же көзөмөл органдарынын сурамдары болгон учурларда коргоо; же өлүмдүн же денеге зыян келтирүүнүн алдын алуу биздин кызыкчылыгыбыз болуп эсептелет.
Тиешелүү укук коргоо жана мамлекеттик органдарынын жана тармактык өнөктөштөрдүн зыяндуу жана мыйзамсыз аракеттерди изилдеп, алар менен күрөшүүгө мыйзамдуу түрдө укугу бар.
  • Байланыш маалыматыңыз
  • Сиз бизге берген маалымат
  • Түзмөк жана туташуу тууралуу маалымат
  • Колдонуу жана журнал тууралуу маалымат
  • Үчүнчү тараптардын маалыматы
  • Cookie файлдары
Маалыматты бизге юридикалык кеңеш же соттук териштирүүлөр жана башка талаш-тартыш контексттеринде өзүбүздү коргоо керек болгон учурда сактап, бөлүшөбүз. Буга, тиешелүү учурларда, биздин шарттарды жана эрежелерди бузуулар тууралуу маалыматтар кирет.
Арыздарга жооп берүү, алдамчылыкты, Сайттарыбыздын жана Иш-аракеттерибиздин уруксатсыз колдонулушунун алдын алуу жана андай аракеттерди токтотуу, колдонуудагы шарттарыбызды жана эрежелерибизди бузууларды же башка зыяндуу жана мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо биздин жана колдонуучуларыбыздын кызыкчылыгы болуп саналат.
Юридикалык кеңеш алуу жана өзүбүздү (анын ичинде укуктарыбызды, кызматкерлерибизди, менчигибизди же өнүмдөрүбүздү), колдонуучуларыбызды же башкаларды, анын ичинде териштирүү, көзөмөл органдарынын сурамдарында, соттук териштирүүлөрдө жана башка сурамдарда коргоо биздин кызыкчылыгыбыз болуп саналат.
  • Байланыш маалыматыңыз
  • Сиз бизге берген маалымат
  • Түзмөк жана туташуу тууралуу маалымат
  • Колдонуу жана журнал тууралуу маалымат
  • Үчүнчү тараптардын маалыматы
  • Cookie файлдары
Макулдугуңуз
Маалыматыңызды төмөндө көрсөтүлгөн максаттарда сиз макулдугуңузду бергенден кийин иштетебиз. Колдонулган маалыматтын категориялары жана ал кандай иштетилээри төмөндө көрсөтүлгөн:
Маалыматыңызды эмне үчүн жана кантип иштетебизКолдонулган маалыматтардын категориялары
Сизге маркетингдик билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн (макулдугуңуздун негизинде), Макулдугуңуз менен маалыматыңызды иштеткенибизде, макулдугуңузду жокко чыгарганга чейин иштетилген маалыматтын мыйзамдуулугуна таасир тийгизбестен, төмөндө көрсөтүлгөн байланыш маалыматын колдонуп биз менен байланышып, макулдугуңузду каалаган учурда жокко чыгарсаңыз болот.
Маркетинг боюнча билдирүүлөрдү алуудан ар бир электрондук каттын ылдый жагындагы "жазылуудан баш тартуу" шилтемесин чыкылдатып, каалаган учурда баш тарта аласыз.
  • Байланыш маалыматыңыз
Юридикалык милдеттерди аткаруу
Маалыматты юридикалык милдеттерди аткаруу, анын ичинде, мисалы, мыйзамдуу юридикалык сурам болгон учурда маалыматка кирүү, аны сактоо же ачыктоо үчүн иштетебиз.
Маалыматыңызды эмне үчүн жана кантип иштетебизКолдонулган маалыматтардын категориялары
Маалыматыңызды юридикалык милдеттерди аткаруу максатында, мисалы, көзөмөлдөөчү органдан, укук коргоо органдарынан же башкалардан мыйзамдуу юридикалык сурам болгон учурда айрым маалыматка кирүү, аны сактоо же ачыктоо иштетүү үчүн. Мисалы, Ирландиянын укук коргоо органдарынан тергөө иштери үчүн маалымат (мисалы, IP-дарегиңиз) берүү тууралуу соттун буйругу же тинтүүгө ордер.
  • Байланыш маалыматыңыз
  • Сиз бизге берген маалымат
  • Түзмөк жана туташуу тууралуу маалымат
  • Колдонуу жана журнал тууралуу маалымат
  • Үчүнчү тараптардын маалыматы
  • Cookie файлдары
Өтө маанилүү кызыкчылыктарыңызды же башка адамдын өтө маанилүү кызыкчылыктарын коргоо
Маалыматты кайсы бир адамдын өтө маанилүү кызыкчылыктары коргоону талап кылганда иштетебиз.
Маалыматыңызды эмне үчүн жана кантип иштетебизКолдонулган маалыматтардын категориялары
Кайсы бир адамдын өтө маанилүү кызыкчылыктары коргоого муктаж болгон учурда, мисалы, өзгөчө кырдаалдарда, маалыматты укук коргоо органдары менен бөлүшөбүз. Бул кызыкчылыктар сиздин же башка адамдын өмүрүн, физикалык же акыл-эс саламаттыгын, бакубатчылыгын же намысын коргоону камтыйт.
  • Байланыш маалыматыңыз
  • Сиз бизге берген маалымат
  • Түзмөк жана туташуу тууралуу маалымат
  • Колдонуу жана журнал тууралуу маалымат
  • Үчүнчү тараптардын маалыматы
  • Cookie файлдары

9. Купуялык саясатына киргизилген жаңыртуулар

Купуялык саясатыбызды маал-маалы менен өзгөртүп же жаңырта алабыз. Жаңы Купуялык саясатын жарыялап, анын өйдө жагындагы "Акыркы өзгөртүлгөн" күнүн өзгөртүп, колдонуудагы мыйзам талап кылган башка кадамдарды аткарабыз. Купуялык саясатыбызды маал-маалы менен текшерип турууну сунуштайбыз.

10. Маалыматыңыз үчүн ким жоопкерчилик алат

Купуялык саясатыбызды маал-маалы менен өзгөртүп же жаңырта алабыз. Жаңы Купуялык саясатын жарыялап, анын өйдө жагындагы "Акыркы өзгөртүлгөн" күнүн өзгөртүп, колдонуудагы мыйзам талап кылган башка кадамдарды аткарабыз. Купуялык саясатыбызды маал-маалы менен текшерип турууну сунуштайбыз.
Эгерде "Европа Аймагына" кирген өлкөдө же аймакта (Европа Биримдигине кирген жана башка өлкөлөрдү камтыган: Андорра, Австрия, Азор аралдары, Бельгия, Болгария, Канар аралдары, Норман аралдары, Хорватия, Чех Республикасы, Дания, Эстония, Финляндия, Франция, Француз Гвианасы, Германия, Гибралтар, Греция, Гваделупа, Венгрия, Исландия, Ирландия, Мэн аралы, Италия, Латвия, Лихтенштейн, Литва, Люксембург, Мадейра, Мальта, Мартиника, Майотта, Монако, Нидерланддар, Норвегия, Польша, Португалия, Кипр Республикасы, Реюньон, Румыния, Сан-Марино, Сен-Мартен, Словакия, Словения, Испания, Швеция, Швейцария, Улуу Британия, Улуу Британиянын Кипрдеги деңиздин ары жагындагы аймактары (Акротири жана Дакелия) жана Ватикан Шаары) же АКШнын же Канаданын сыртындагы башка аймакта жашасаңыз, маалыматыңызга жоопкерчиликтүү маалымат көзөмөлдөөчүсү болуп Meta Platforms Ireland Limited саналат.
Эгерде АКШда же Канадада жашасаңыз, маалыматыңызга жоопкерчиликтүү жак болуп Meta Platforms Inc. компаниясы саналат.

11. Биз менен байланышуу

Эгерде ушул Купуялык саясаты же жеке маалыматыңыз, купуялык саясаттарыбыз жана купуялыкты коргоо боюнча ыкмаларыбыз боюнча суроолоруңуз, арыздарыңыз же сурамдарыңыз болсо, биз менен байланышсаңыз болот. Биз менен workplace.team@fb.com электрондук почта дареги же төмөнкү почта дареги аркылуу байланыша аласыз:
АКШ жана Канада:
Meta Platforms, Inc.
Көңүл буруңуз: Купуялык маселелери боюнча бөлүм
1601 Willow Road
Menlo Park, CA 94025
Калган өлкөлөр (анын ичинде Европа Аймагы):
Meta Platforms Ireland Limited
Merrion Road
Dublin 4
D04 X2K5
Ирландия
Meta Platforms Ireland Limited компаниясынын дайындарды коргоо боюнча жооптуу өкүлү менен бул жерден байланыша аласыз.